ЖУРНАЛИСТИКАНЫН НЕГИЗДЕРИ

  • Автору: Бакыт ОРУНБЕКОВ
  • Жанр: Билим алуу адабияты
  • Жазылган жылы: 2015
  • Басма: El-Китеп
  • El-Китепке коюлган жылы: 2017
  • Көлөмү (pdf): 240 бет
  • Баасы: бекер

«Журналистика негиздери» окуу китебинде журналистиканын негизги, базалык категориялары: жалпыга маалымдоо каражаты түшүнүгү, аны түзүү жана уюштуруу, журналистиканын негизги баалуулуктары, жанрлары, журналистиканын ролу жана функциясы, журналистиканын укуктук жана этикалык негиздери, журналисттик ишмердүүлүктүн натыйжасы, жалпыга маалымдоо каражатынын аудиториясы жана интернет журналистиканын (жарандык журналистика) теориялык жана тажрыйбалык өңүттөрү, америкалык, европалык, орусиялык медиа изилдөөчүлөрүнүн тыянактарына, корутундуларына жана автордун жеке журналисттик тажрыйбаларына таянып жазылган. Китеп жогорку окуу жайларынын «Журналистика» жана «Коом менен байланыш» адистиктеринде окуп жаткан студенттерге, жаш журналисттерге арналат.

Алгы сөз

Адамзаттын өнүгүү тарыхында маалымат, аны алып жүрүүчүлөр өзгөчө орунда болуп келген, мындан ары да ошондой болорунда шек жок. Бүгүнкүгө чейин сакталган таштагы, ылайдагы, тактайдагы байыркы жазуулар пайда болуп, кийин папирус, андан соң биринчи кагаз ойлоп табылып, ал аркылуу кабар таркатылды. Б.з. VI-IX к.к. ортосунда Кытайда китеп басмасынын алгачкы түрү (ксилография) ойлоп табылган жана кеңири жайылган. Бутпарастык «Алмаз сутрасы» санкрит тилинен кытай (ханзу) тилине Кумарахива тарабынан которулуп, 868-жылы калыпка салынган китеп болуп чыкканы маалым. Андан кийин Европада айтылуу Иоханн Гутенберг (1397-1468) деген басма станогун ойлоп чыгарып (1450-жыл), массалык маалыматтын башатына негиз салган. Ошондон бери маалымат каражаты адам жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Адамдар ортосундагы, мамлекеттер аралык мамилени өнүктүрүүдө, өндүрүштү өстүрүүдө, соода-экономикалык карым-катышты жакшыртууда, гуманитардык, агартуучулук, интеграциялык башка көп маселелерди чечүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду эбегейсиз экендигин тарых тандырбайт.

Басма сөздүн тарыхына баам салсак, XV кылымдын орто ченинен баштап маалыматты жаратып, таркатууну кесип кылган адамдар пайда болду. Улам убакыт өткөн сайын маалымат жазуу менен алектенгендер көбөйүп, басма иши жакшырып, маалыматтын коомдук пикир түзүүдөгү ролу күч алып, жазармандар менен бийликтин ортосундагы жаңжалдар чыгып келди. Журналисттер коомдогу күчтүү социалдык ордун сактап калуу үчүн ар кандай уюмдарга бириге башташты…

Жүктөөлөр:

Электрондук китепти кайсы форматта жүктөп, аны эмненин жардамы менен окуса болоорун билбей турсаңыздар керектүү маалыматты бул жерден алаласыздар.

Бөлүш:

ТЫНЫМСЫЗ АККАН САЯСАТ

  • Автору: Кубан Абдымен
  • Редактору: Б.Жумабаев
  • Жанр: Коомдук илимдер
  • Жазылган жылы: 2016
  • Басма: «ММК колдоо борбору» КФ
  • Басмакана: «Имак Офсет»
  • El-Китепке коюлган жылы: 2017
  • Өлчөмү: 60х84 1/16
  • Көлөмү (pdf): 320
  • ISBN: 978-9967-9021-5-2
  • Баасы: бекер

Китепте эл аралык окуяларга байланыштуу жаралган ой-жүгүртүүлөр жана түрлүү божомолдор менен прогноздор, баа берүүлөр, аларга сары эсеп салып, талдоолор, түшүндүрүү аракеттери келтирилген. Китеп негизинен келечекте саясый илим жана эл аралык журналистикага кызыккан жаштарга, студенттерге жана кеңири аудиторияга арналган.

КИРИШ СӨЗ ОРДУНА

Китепте дүйнө жүзүндө жана ар-кыл аймактарда коомчулуктун кызыгуусун жараткан маанилүү окуяларга байланыштуу жаралган көз караш жана баамдоолор келтирилген. Негизги мазмунун 2014-2016-жылдары болгон окуялардан кийинки ой-толгоолор түздү.

Дүйнөлүк маалымат агымы жок чоң саясат жүргүзүлбөйт.Саясаттын көптөгөн аныктамаларынын биринде: «саясат булэкономиканын концентрацияланган көрүнүшү» деп айтылат.Дагы биринде: «саясат бул мүмкүнчүлүк искусствосу» деген жери бар. Аны менен бирге эле ар-бир саясый кыймыл-аракеттин артында экономикалык кызыкчылык да тураарын унутпаш керек. Ал кызыкчылыкты ишке ашырып, пайдасын көрүү үчүн жөнөкөй атуулдан баштап ири мамлекеттик кызматтагы адамга чейин түрлүү иш-аракеттерди жана жүрүштөрдү жасоосу керек. Саясат ошентип жаралат.

Азыркы өнүгүү маалымат агымы менен тыгыз байланыштуу. Ааламдашуу процесси күч алган сайын, маалымат технологияларынын жетишкендиги адам турмушунун баардыкжагын каптап баратат. Интернеттеги социалдык тармактардын коомдо терең жайылышын токтотуу мүмкүн болбой калды. Андыктан аны менен кошо келаткан маалымат агымын датоктотуу мүмкүн эмес. Соцтармактагы ар-бир жарыя коомдук турмушка жаңы өзгөрүүлөр тууралу маалыматты киргизип, таасирин күчөтүүдө. Сан ариптик заманга чейин маалыматтын коомчулуктун баарына жетээр-жетпеси тууралуу сөзкылуу кыйын болчу. Азыр болсо маанилүү маалыматты жашырууга мүмкүн болбой калды. Натыйжада «реал-политик»деген терминдин заманы келип, анын таасири өсүүдө. Бул термин мамлекеттик саясый курстун түрү. Аны алгачкы болуп атактуу немец саясатчысы Бисмарк киргизген. Бул курстун негизин саясат жүргүзүүдө мамлекеттик багыттын өзөгү катары кандайдыр бир идеологияны кабыл алуудан баш тартуу түзөт. Мындай саясат жүргүзүүдө максатка жетүү үчүн идеологиялык же моралдык көз караштан эмес, анын иш жүзүндөгү, практикалык жактан алгандагы пайдасын кароо маанилүү /Wikipedia/. Реалдуу саясаттын таасирлүү алгачкы тарапкери катары белгилүү италиялык саясат таануучу Никколо Макиавелли болгон.

Азыркы кезде бул түшүнүк коомдун турмушунун реалдуу жагын камтып, анын маани-маңызына жана зарылдыгына жараша адекваттуу жоопту талап кылган жаңы турмуштук мазмун катары кабыл алынат. Сунуш кылынып жаткан китептин максаты дүйнө жүзүндөгү болуп аткан түрлүү деңгээлдеги окуялардын коомдун жашоосуна, өнүгүү шартына жана турмушуна кандай таасир кыла алат, оң жана терс жактарын кандайча ажырата алуу мүмкүндүгү, ал үчүн эмнелер зарыл жана эмнелерди билүү керек деген түшүнүктөр камтылган. Китеп негизинен саясатка, өзгөчө эл аралык саясатка, жана маалымат агымынын азыркы учурдагы таасирин түшүнүүгө кызыккандар үчүн пайдалуу. Китепте эл аралык окуяларга байланыштуу жаралган ой-жүгүртүүлөр жана түрлүү божомолдор менен прогноздор, баа берүүлөр, аларга сары эсеп салып, талдоолор, түшүндүрүү аракеттери келтирилген. Китеп негизинен келечекте саясый илим жана эл аралык журналистикага кызыккан жаштарга, студенттерге жана кеңири аудиторияга арналган.

Жүктөөлөр:

Электрондук китепти кайсы форматта жүктөп, аны эмненин жардамы менен окуса болоорун билбей турсаңыздар керектүү маалыматты бул жерден алаласыздар.

Бөлүш:

ЖАЗГАНЫБЫЗ ЖАКШЫ ОКУЛСУН ДЕСЕК…

  • Автору: Жыргалбек Касаболотов
  • Редактору: Марат Токоев
  • Жанр: Билим алуу адабияты
  • Жазылган жылы: 2011
  • El-Китепке коюлган жылы: 2017
  • Өлчөмү: 148х210 мм
  • Көлөмү (pdf): 40
  • ISBN:
  • Баасы: бекер

Бул колдонмодогу кеңештер азыркы кыргыз журналистикасындагы өтө эле оркойгон, көзгө даана урунган кемчиликтерди азайтууга багытталган.

1-САБАК

Сүйлөмдүн грамматикасы так сакталышына көз салгыла

Сүйлөмдүн грамматикасы анын маанисине төп келип турууга тийиш. Ал ашыкча суроолорду, бүдөмүк ойлорду жаратканы — журналисттин кемчилиги. Сүйлөм канчалык узун болсо, мындай кемчиликтер ошончолук жыш кездешет. Мисалы, «Абакта жаткан «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов билдирүү жасады» деген сүйлөмдү окуганда, түрмөдө «Арнамыс» партиясы жатабы, же Феликс Кулов өзү жатабы деген суроо туулат. Анын ордуна ««Арнамыс» партиясынын абакта жаткан жетекчиси Феликс Кулов билдирүү жасады» деп койсо мындай эки анжы ойлор болмок эмес.

«Бишкек шаарындагы № 48-мектебинин окуучулары» деген сыяктуу формулировканы колдонгондор көп. «Мектеби» деген соң эмненин мектеби экенин айтыш керек да. Жөн эле номери көрсөтүлсө, анда «…мектептин окуучулары» деш керек эле. Мындай жагдайларга аябай тыкан караш керек.

«Коомдук телерадиокорпорациясы», «кыргыз тилдүү журналистикасы» деген сыяктуу сөз айкалыштары да туура эмес. «Коомдук телерадиокорпорация», «кыргыз тилдүү журналистика» деп жазылышы керек. Бул жерде «айыл чарбасы», «өнөр жайы», «окуу жайы» сыяктуу туруктуу сөз айкаштары менен адаштырып албаш үчүн аларды жакшы билүү талап кылынат.

«Болбоорун» деп жаш балача чулдурагандын ордуна «болбой тургандыгын», «пикиринче» дебей «пикиринде, пикири боюнча, пикирине караганда» деген сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонгон максатка ылайык. «Жазышынча» деген сөз болбойт, «жазганына караганда, жазганы боюнча» деп айтылат жана жазылат.

«Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери саммитке чогулду» деген туура эмес. «Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери саммитке чогулду» деш керек. Болбосо мурунку төрт мамлекет мамлекет катары, ал эми Өзбекстандын президенти президент катары чогулгандай болуп калат.

Тилекке каршы, мындай мисалдар расмий аталыштарда да көп кездешет. Мисалы, «Адилет министрлиги» деген туура эмес. «Адилет» деген сын атооч. «Кандай?» деген суроого жооп берет. Эгерде «Адилеттик министрлиги» десе грамматикалык жактан туура болмок. Бирок ал деле «юстиция» деген сөздүн маанисин толук туюнта албайт деген адистер бар.

Тыянактар

  • Сүйлөмдүн логикасына жана грамматикасына көңүл бургула.
  • Сөз айкаштарынын туура же туура эмес экендигин текшериш үчун дайыма жаныңарда кыргыз тили боюнча окуу китептерин ала жүргүлө.
  • Жазган сүйлөмүңөрдү эски басылмалардагы материалдарга салыштыргыла.

Көнүгүүлөр

Төмөнкү сүйлөмдөрдөгү каталарды тапкыла жана оңдоп чыккыла

  1. Бүгүн Экономикалык министрлигинде инвесторлордун катышуусундагы жыйын өттү.
  2. Кечээ Улуттук компьютердик гимназиясында математика боюнча шаардык олимпиада болду.
  3. Ж. Баласагын атындагы улуттук университетинде тарыхчылардын конференциясы өткөрүлмөкчү.
  4. Кыргыз тилдүү басма сөзүнүн абалы канааттандырарлык эмес.
  5. Айтымдарында мындай иш-чаралар эми дайыма өткөрүлүп турат.
  6. Буга чейин мындай жыйындар Астана, Ташкен жана Бишкекте өткөн.
  7. Элге-журтка жек көрүндү болгон Кыргызстандын качкын президенти алыскы Беларустан кайрадан үн катты.
  8. Асандын досу бул сырды эч кимге айтпаарына ишендирген.
  9. Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти билдирүү таратты.
  10. Шаардагы № 5-ооруканасынын башкы дарыгери мындай доомат менен макул эмес.

Жүктөөлөр:

Электрондук китепти кайсы форматта жүктөп, аны эмненин жардамы менен окуса болоорун билбей турсаңыздар керектүү маалыматты бул жерден алаласыздар.

Бөлүш: