ЧАЛ ЖАНА ДЕҢИЗ

  • Автору: Эрнест Хемингуэй
  • Котормочу: Алым Токтомушев
  • Жанр: Көркөм адабият
  • Басма: «El-Китеп»
  • El-Китепке коюлган жылы: 2017
  • Көлөмү (pdf): 83
  • Баасы: бекер

Атактуу америка жазуучусу Эрнест Хемингуэйдин «Чал жана деңиз» ангемеси Алым Токтомушевдин котормосунда. Жазуучунун «Чал жана деңиз» повести Пулицер (1953) жана Нобель (1954) сыйлыктарына татыктуу болгон.

Чал жана деңиз

Чал жалгыз өзү кайыгына түшүп, Гольфстримде балык уулап жүрдү. Ал деңизге сексен төрт күн такай чыкса да, бир да балык кармай албады. Алгачкы кырк күнү аны менен бирге бала болду. Бирок күн артынан күндөр өтүп, балык карматпаган соң, эне-атасы ал балага: «Чал эми анык Salao», башкача айтканда, «жолу болбогон эң эле бир шордуу неме экен», сен деңизге мындан ары башка кайык менен чыгып жүр дешти. Чын эле, бала кеткен башка кайык биринчи эле жумада үч жакшы балык алып келди. Чалдын күндө куру кол кайтканына зээни кейиген бала чалдын балыкчылыкка керектүү шайман-аспаптарын же багорун[1], гарпунун[2] же болбосо мачтага оролгон парусун үйүнө чейин жеткиришип келүү үчүн жолун тосуп жээкке барчу. Таар жамаачы салынып тамтыгы калбаган парус оролгондо, согушта кыргынга учураган полктун туусуна окшоп калчу.

Чал арык жана жүдөө, желкесинин бырыштары тереңдеп, ал эми эки жаагын мелмилдеген тропик деңизинин бетине чагылышкан күндүн нурларынан пайда болгон коңур түстүү зыянсыз тери рагы каптаган. Жаактарынан желеленген темгилдери мойнуна чейин жеткен, чоң балыктарды суудан тартып жатканда жип кыйган колдорунун тырыктары көрүнүп турат. Бирок жаңы тырыктар жок эле. Бул эски тырыктар илгертен суусуз калган чөлдөгү жаракаларга окшоп кетет.Анын көзүнөн башкасынын баарында тең карылыктын белгиси бар, көзү болсо деңиз түстөнүп, эч нерсеге багынбаган кишинин көзүндөй ойноктоп турат.

– Сантьяго, – деди бала чалга, кайыкты жээкке байлап коюп, жол менен өйдө чыгып баратышканда, – эми мен сени менен деңизге кайтадан чыга алам. Биз эми анча-мынча акчалуу болуп калдык.

Балык кармоону чал үйрөткөндүктөн, бала аны жакшы көрчү.

– Жок, – деди чал, – сен жолдуу кайыкка туш болдуң. Ошо кайыкта жүрө бер.

– Баягында сен сексен жети күн деңизге чыгып жүрүп, бир да балык кармай албай койгонсуң, анан биз үч жума бою күнүгө бирден чоң балык алып келип турбадык беле, ошол эсиңдеби?

– Эсимде, – деди чал. – Сен менден мага ишенбегендигиңден кетпегениңди билем.

– Мени атам кыстабадыбы, мен азыр баламын да, тил алышым керек.

– Билем, – деди чал. – Антпесе болбойт.

– Ал сага көп ишене бербейт.

– Туура айтасың, – деди чал. – Сен экөөбүз ишенебиз. Чынбы?…

Жүктөөлөр:

Электрондук китепти кайсы форматта жүктөп, аны эмненин жардамы менен окуса болоорун билбей турсаңыздар керектүү маалыматты бул жерден алаласыздар.

Бөлүш: