Электрондук китебиңизди БЕКЕР чыгарыш үчүн
эмне кылыш керек?

Бизге бир гана .doc форматындагы чыгармаңызды жана китепке кире турган маалыматтарды жиберишиңиз керек болот (elkitepter@gmail.com почтасына). Бизге жол арытып атайы келүүнүн зарылчылыгы жок. Интернет аркылуу жибересиз;

Биз аны форматтап, электрондук түргө айлантып беребиз. Биздеги мукабанын стандарттык түрүн колдонобуз;

Даяр китебиңиз тууралуу маалыматты жана китебиңиздин өзүн кыргыз тилдүү окурмандар арасында белгилүү болгон “Кыргыз маданият борбору” , “Bizdin.kg” жана “РухЭш”  өнөктөрүбүздүн сайттарында жайгаштырып беребиз;

Бизге тийиштүү соц тармактардагы аккаунттар аркылуу китебиңиз тууралуу маалыматты таркатып, жарнамалаганга жардамдашабыз.

Ушунун баарын БЕКЕР кылып беребиз.

Бир гана белгилей кете турган нерсе , бул негизинен 300 миң белгиден (бош орундуктарды эске алуу менен) ашпаган көркөм чыгармалар үчүн. Эгер китебиңиз көлөмдүүрөк болсо, же китебиңиз формулалары, сүрөттөрү көп илимий же тарыхий эмгек болсо – анда кошумча акы алынат. Анын төлөмү өз-ара сүйлөшүүлөр аркылуу аныкталат.


 

Эгер cиз кол жазмаңыздагы грамматикалык каталарды оңдоткуңуз келсе, же чыгармаңызды тажрыйбалуу адабий редактор карап беришин кааласаңыз, же болбосо аны кагаз түрүндөгү китеп кылып чыгаргыңыз келсе бул жагынаy да биз сизге ЖАРДАМ бере алабыз. Бизде тажрыйбалуу, кесипкөй корректорлор, редакторлор жана жасалгалоочулар (дизайнер) бар. Кененирээк маалымат бул жерде.

Бөлүш: