Электрондук китептердин форматтары

Эчурда эң кеңири колдонулуп келген электрондук китептердин форматтарына fb2, epub, mobi жана pdf кирет.

Ар-бирине кыскача токтоло кетсек:

mobi форматы белгилүү интернет китеп дүкөнү Amazon компаниясынын китеп окугучу (букрилери) Amazon Kindle үчүн иштелип чыккан;

fb2 форматын орус программчылары иштеп чыгышкан. Орус тилдүү китеп окугучтардын дээрлик бардыгы бул форматты окуй алат. Бирок кийинки кезде бул формат андан ары өркүндөтүлбөй калган. Ошондой болсо да азыркыга чейин электрондук китептердин көбү ушул форматта да чыгарылып келет;

epub бул формат fb2ден кийинчирээк иштелип чыккан. Учурда эн кеңири колдонулган форматтарга кирет;

pdf форматы китептин калыбы кандай болсо ошондой окуганга эн ыңгайлуу формат болуп эсептелет. Бир гана анын ийкемдүүлүгү начар болгондуктан экрандары чакан смартфон, планшеттен бул форматтагы китепти окуу кыйынчылыкты туудурат. Аны компьютерден окуганга дурус.

Китеп окууга программалар (интернет-тиркемелер)

Электрондук китептерди смартфон, планешеттен окуганга атайын программалар же, башкача айтканда, интернет-тиркемелер бар. Алардын түрү эбегейсиз көп.

Android деги смартфондор үчүн:

Cool Reader

FBReader

Moon+ Reader

Aldiko Book Reader

PocketBook Reader

iOS догу китеп окугуч-тиркмелер:

iBooks

Marvin

Kybook

Total Reader

iBouqiniste

Windows смартфондор менен планшеттерге:

FBReader

Bookviser Reader

Tucan Reader

Coffee Reader

Bookmate


Электрондук китептер тууралуу макалаларды

бул жерден

окуса болот

Записей не найдено.

Бөлүш: