ЖЫЛДЫН ТӨРТ МЕЗГИЛИ

  • Автору: А.Абазбеков, З.Ажыматов, А.Айдаралиев, Ж.Арыкова, К.Исмаилова, Б.Жунусалиев, Ж.Исабаева, А.Кыязов, М.Маматжан уулу, М.Саматов, С.Турганбаев, Ж.Турсунбаев.
  • Жанр: Поэзия
  • Жазылган жылы: 2011
  • Басма: El-Китеп
  • El-Китепке коюлган жылы: 2017
  • Өлчөмү: 148х210 мм
  • Көлөмү (pdf): 54
  • ISBN:
  • Баасы: бекер

Бул китепке “Кыргыз маданият борбору” сайты 2011-жылы уюштурган бир ыр сынагынын жеңүүчүлөрүнүн жана окурмандардын жылуу пикирине арзыган ырлар киргизилген.

КӨКТӨМ

Бакыт Жунусалиев

(“Көктөм” сынагынын жеңүүчүсү)

ЖАЗ

Сагынып көлмө саз жерди
Сабалап өрдөк каз келди,
Ырыскы чачып талаага
Ылайды кечип жаз келди.

Күз чечип кеткен бактардын
Көйнөгүн кайра кийгизди.
Саамайын шамал сылаган,
Сулууга жигит сүйгүздү.

Өзөгү бошоп тузактын
Өзөндөр толо муз акты,
Топчусун чечип ак тондун
Тоолорго кышты узатты.

Жашылдан кымкап жапкандай,
Жашарып тоонун этеги,
Конокко төшөк салгандай
Кызарды талаа кечээги.

Зайырбек Ажыматов

(“Көктөм” сынагынын 2-орундун ээси)

ОТУЗ БЕШИНЧИ ЖАЗ

Жанды эзет шок сезимдин кыйылганы,
Жүрөктүн акыл бирок сыйынганы.
Укмуштай барктуу анан аянычтуу,
Ушул жаз отуз бештин кырындагы.

Жаштыктын турат окшойт баары нурдан,
Жаздарга жарашыктуу шаарын курган.
Эх аттиң, кездер эми кайрылбайт ээ,
Эрдимде помадаңдын даамы турган…

Бир кезде баары бизге жарашчу эле,
Билектер чырмалышып баратты эле.
Аттиң ай, отуз беште келген бул жаз,
Анчалык жүрөгүмдү канатты не?

Өмүргө, сага, жазга тойбой улам,
Өпкүм бар гүлдү, сени колдоруңдан.
Бул дурус… баркыңарды билип кетем,
Орошон отуз бештин ордосунан.

Жүктөөлөр:

Электрондук китепти кайсы форматта жүктөп, аны эмненин жардамы менен окуса болоорун билбей турсаңыздар керектүү маалыматты бул жерден алаласыздар.

Бөлүш: