ТУЮК СҮЙҮҮ

  • Автору: Эсенбай Нурушев
  • Жанр: Көркөм адабият
  • Басма: “El-Китеп”
  • El-Китепке коюлган жылы: 2017
  • Көлөмү (pdf): 48
  • Баасы: бекер

Эсенбай Нурушевдин аңгемеси. Маркум Салижан Жигитовдун арбайына арналган.

Туюк сүйүү

(Өзүм үчүн жазылган лирикалык аңгеме)

Маркум Салижан Жигитовдун арбайына

Жарылган бомбадай болуп жаман кабар кечке жуук жатаканага дүңк дей түштү: кокустук болгонбу, ким бирөө түртүп ийгенби, айтор, жогорку курстагы бир жигит үстүңкү кабаттан кулап кетиптир. Таштак жерге төбөсү менен тийген экен, мээси чачырап, ошо жерде мүрт кетиптир дешти бирөөлөр. Жо-ок, антпей эле аман калыптыр, болгону омурткасы сыныптыр, байкуш эми алты-жети айсыз адам боло албайт ко дешти башкалары.

Бу жаңылыкты биздин жигит эң акырында укту. Китепканадан келсе бөлмөлөш балдар ушул окуяны узун сабак кеп кылып отурушса керек, адатынча баарынан озунуп муну Алтыбай кабарлап калды.

– Уктуңбу, Битике, – биздин жигитти ал ушинтип атайт, мунусу битикчи, окумал дегени. – Бир баатыр үчүнчү кабаттан секирип, мерт болуп кала жаздаптыр.

– Койсоңчу, ким экен ал? – Биздин жигит кызыга түштү.

– Билесиңби, былтыр биз менен ушу бөлмөдө турбады беле. Ошол эргул.

– Жинди болгон го?! – Биздин жигит чындап эле таң калды.

– Кайдагы жин дейсиң, – деди Алтыбай иштин баарын иликтеп-жиликтеп келген билермандан бетер. – Бу эрен бир кызды жактырып калбайбы, ага дагы бирөө сөз айтып жүргөн экен, ишти чечип алалы, кыз кимди тандаса, ал ошонуку болсун деп макулдашыптыр. Тиги кудай аткыр азыткы болсо беркини тандап атпайбы, ошо, сенсиз мага жашоо жок деп алиги баатыр терезеден ары боюн таштап жибериптир.

– Ырас болуптур, – деди керебетте китеп тиктеп жаткан Сарпбек ачуусу келгендей. – Акылы болбосо ошо да. Ага эмне, кыз кырылып калыппы бу кыргызда. Эми аны кыз эмес, кемпир да карабайт. Жарым жан неменин кимге кереги бар дейсиң.

– Ээ, балдар, сүйүүдө акыл болмок беле, – үстөлдүн төрүндө конспект жазып отурган Абдылда аксакал дептеринен башын көтөрбөй, күңгүрөнүп койду. – Акыл болсо ал сүйүү болбой калат.

Бу бөлмөдө жаткандар – төртөө. Баары тең бир кырдуу, армияда болуп, заводдо иштеп, кагылып-согулуп дегендей, “картайып” баратканда университетке өтүшкөн. Улуусу – Абдылда, беркилерден үч-төрт көйнөк мурда жырткан,баары “аксакал” дешет.

Кийин Алтыбайдын айтканы чын чыкты. Баары ошондой болгон экен. Эртеси бүт факультет дүрбөп, деканат жыйын куруп, партиялык чогулуш чакыртылып, обо-добо кеп болду. Ары кетип, бери келип жатышып, акыры комсомол уюмуна студенттер арасында тарбия-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү табышталды.

Жүктөөлөр:

Электрондук китепти кайсы форматта жүктөп, аны эмненин жардамы менен окуса болоорун билбей турсаңыздар керектүү маалыматты бул жерден алаласыздар.

Бөлүш:

Добавить комментарий