ИЗДӨӨНҮ ТАБУУ

  • Автору: Мезгил Исатов
  • Жанр: Көркөм адабият
  • Басма: “El-Китеп”
  • El-Китепке коюлган жылы: 2017
  • Көлөмү (pdf): 28
  • Баасы: бекер

Мезгил Исатовдун аңгемелер топтому. Аталган автордун чыгармалары кыргыз адабиятында кескин өзгөчөлөнүп турат. Аларды кара сөз түрүндөгү поэзия деп койсок болот. Ушуга байланыштуу андан кандайдыр бир сюжеттик линияны табуу дээрлик мүмкүн эмес. Алар адамдын абалын, дүйнөгө, жашоого болгон мамилесин чагылдыруудагы күтүлбөгөн салыштыруулар, метафоралар менен баалуу.

Бир башка күн

Тоголок дүйнө
Токтобой томолонот,
Тоголок көздө.

Уйкусураган булуттар таңды жүктөп келатты. Көз ирмемде көтөргөн жүгү кулап, чачыла берди. Нур төгүп келаткан таң төрөлө элек сүрөтчүнүн эң белгилүү сүрөтүнүн сырын ачты. Ар нерсенин соңу сыяктуу. Кош бойлуу келиндин курсагындагы баласы ойгонду. Таң заарлап дагы бир күндүн эшигин ачтым. Жаңы күн башталды. Апаппак барак сыяктуу. Бир жолдун уланышы. Амандык сурашым керек бул күндөн. Бул жолдордон. Улуулуктан… Эмнегедир кечээкимден башкачамын. Кечигүүнү күтүп отурам. Ак жарык ичинде. Мезгилдин үнү угулат шашып бараткан шамалдагы. Эски бир обондой, өзүнөн өзү эле ырдалып кеткен. Дале мурункудай.

Кимдир бирөө таңгалып карап өттү. Ошондо байкадым ырдалып, ырдап жатканымды. Ошондо сени эстедим. Азыр болсо сен тажаганча ырдап бермекмин. Бирок сен жоксуң. Эч кимдин келбешин билсем деле күтүп отурам. Бул бир кечигүү. Кээ бир нерселер кечигип келет. Кеч күздөгү махабатка окшош. Ошондуктан, сенден катып койчу сезимдерим бар.

Эски досума бардым. Аны таарынтып жүргөндүгүм үчүн кечирим сурадым. Досум “Бүгүн сен башкачасың” деди. Негедир жолуга элек ойлорго жолукчудай, өмүр бою чекит кое албаган сүйлөмдөргө такалып калдым. Аны кантип жазам? Деле өзүндөй, болгонун болгондой кылып кантип айтып берем? Кээде тагдырдын ирмемдерин өзүндөй кылып окшоштуруп айтып берүү мүмкүн эмес. Анткени, өмүр жазуунун дагы тереңинде…

Жолдон ооруканага кайрылдым. Жакын бир эжебиздин ден соолугун сураганы. Эжекем: “Сен дагы келет экенсиң, ээ?” –деп, таң калды. Анан, учурунда мага жасаган жакшылыктарын санап берди. Үйгө эртелеп кете бердим. Жамгыр төгө баштады. Ыр тамчылуу. Жашоо – жамгырда калуу, суу болуу, анан жылынуу. Жылынып отуруп эски дептеримди барактап чыктым. Акыркы саптарына келгенимде өзүмө-өзүм окшобой турдум. Бир башка мен. Азыр болсо ошол Эски Күндөр менен Жаңы Күндөрдүн арасында жүрөм. Бардыгы аралашып калгансыйт. Эски менен Жаңы бирдей. Бардыгы баягыдай. Окшош… Эч кимге окшош жашагым келбейт!

Уйкум келбесе деле эртелеп жатып алдым. Жарымынан үзүлгөн түшүмдү улантмак үчүн. Уланууга жаттым. Бир колум менен баскан уйкумду түртүп, бир колум менен качкан уйкумду тартып, бирде уктагым, бирде ойгонгум келет. Бул түндүн тезирээк өтүшүн тиледим. Кетсемби же калсамбы деген сыяктуу, турмушта дайыма ары же бери болууга туура келет…

Коңшум келгенде кириңиз дей албалым. “Сага эмне болгон? Бир башкачасың”, — деди. Билбейм. Эмне болуп жатканын өзүм да билбейм. Балким өзүмдү карай кетип бараткам. Мени көздөй… Бир башка күн, бир башка мен.

Жүктөөлөр:

Электрондук китепти кайсы форматта жүктөп, аны эмненин жардамы менен окуса болоорун билбей турсаңыздар керектүү маалыматты бул жерден алаласыздар.

Бөлүш:
2 комментария

    Azamat

    Аллах ыраазы болсун сиздерден ушундай илимдерди бекер бөлүшкөндүгүңүздөр үчүн!

    Нускайым

    Саламатсыздарбы?ПДФ форматы ачылбай жатат го?

Добавить комментарий