ЖАЗГАНЫБЫЗ ЖАКШЫ ОКУЛСУН ДЕСЕК…

  • Автору: Жыргалбек Касаболотов
  • Редактору: Марат Токоев
  • Жанр: Билим алуу адабияты
  • Жазылган жылы: 2011
  • El-Китепке коюлган жылы: 2017
  • Өлчөмү: 148х210 мм
  • Көлөмү (pdf): 40
  • ISBN:
  • Баасы: бекер

Бул колдонмодогу кеңештер азыркы кыргыз журналистикасындагы өтө эле оркойгон, көзгө даана урунган кемчиликтерди азайтууга багытталган.

1-САБАК

Сүйлөмдүн грамматикасы так сакталышына көз салгыла

Сүйлөмдүн грамматикасы анын маанисине төп келип турууга тийиш. Ал ашыкча суроолорду, бүдөмүк ойлорду жаратканы — журналисттин кемчилиги. Сүйлөм канчалык узун болсо, мындай кемчиликтер ошончолук жыш кездешет. Мисалы, «Абакта жаткан «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов билдирүү жасады» деген сүйлөмдү окуганда, түрмөдө «Арнамыс» партиясы жатабы, же Феликс Кулов өзү жатабы деген суроо туулат. Анын ордуна ««Арнамыс» партиясынын абакта жаткан жетекчиси Феликс Кулов билдирүү жасады» деп койсо мындай эки анжы ойлор болмок эмес.

«Бишкек шаарындагы № 48-мектебинин окуучулары» деген сыяктуу формулировканы колдонгондор көп. «Мектеби» деген соң эмненин мектеби экенин айтыш керек да. Жөн эле номери көрсөтүлсө, анда «…мектептин окуучулары» деш керек эле. Мындай жагдайларга аябай тыкан караш керек.

«Коомдук телерадиокорпорациясы», «кыргыз тилдүү журналистикасы» деген сыяктуу сөз айкалыштары да туура эмес. «Коомдук телерадиокорпорация», «кыргыз тилдүү журналистика» деп жазылышы керек. Бул жерде «айыл чарбасы», «өнөр жайы», «окуу жайы» сыяктуу туруктуу сөз айкаштары менен адаштырып албаш үчүн аларды жакшы билүү талап кылынат.

«Болбоорун» деп жаш балача чулдурагандын ордуна «болбой тургандыгын», «пикиринче» дебей «пикиринде, пикири боюнча, пикирине караганда» деген сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонгон максатка ылайык. «Жазышынча» деген сөз болбойт, «жазганына караганда, жазганы боюнча» деп айтылат жана жазылат.

«Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери саммитке чогулду» деген туура эмес. «Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери саммитке чогулду» деш керек. Болбосо мурунку төрт мамлекет мамлекет катары, ал эми Өзбекстандын президенти президент катары чогулгандай болуп калат.

Тилекке каршы, мындай мисалдар расмий аталыштарда да көп кездешет. Мисалы, «Адилет министрлиги» деген туура эмес. «Адилет» деген сын атооч. «Кандай?» деген суроого жооп берет. Эгерде «Адилеттик министрлиги» десе грамматикалык жактан туура болмок. Бирок ал деле «юстиция» деген сөздүн маанисин толук туюнта албайт деген адистер бар.

Тыянактар

  • Сүйлөмдүн логикасына жана грамматикасына көңүл бургула.
  • Сөз айкаштарынын туура же туура эмес экендигин текшериш үчун дайыма жаныңарда кыргыз тили боюнча окуу китептерин ала жүргүлө.
  • Жазган сүйлөмүңөрдү эски басылмалардагы материалдарга салыштыргыла.

Көнүгүүлөр

Төмөнкү сүйлөмдөрдөгү каталарды тапкыла жана оңдоп чыккыла

  1. Бүгүн Экономикалык министрлигинде инвесторлордун катышуусундагы жыйын өттү.
  2. Кечээ Улуттук компьютердик гимназиясында математика боюнча шаардык олимпиада болду.
  3. Ж. Баласагын атындагы улуттук университетинде тарыхчылардын конференциясы өткөрүлмөкчү.
  4. Кыргыз тилдүү басма сөзүнүн абалы канааттандырарлык эмес.
  5. Айтымдарында мындай иш-чаралар эми дайыма өткөрүлүп турат.
  6. Буга чейин мындай жыйындар Астана, Ташкен жана Бишкекте өткөн.
  7. Элге-журтка жек көрүндү болгон Кыргызстандын качкын президенти алыскы Беларустан кайрадан үн катты.
  8. Асандын досу бул сырды эч кимге айтпаарына ишендирген.
  9. Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти билдирүү таратты.
  10. Шаардагы № 5-ооруканасынын башкы дарыгери мындай доомат менен макул эмес.

Жүктөөлөр:

Электрондук китепти кайсы форматта жүктөп, аны эмненин жардамы менен окуса болоорун билбей турсаңыздар керектүү маалыматты бул жерден алаласыздар.

Бөлүш:
4 комментария

    Венера

    китептерди кайдан алсак болот?

      Марат Токоев

      Бул китеп электрондук түрдө. Сизге керектүү форматта сайттан бекер жүктөп алсаңар болот. Смартфондон окуш үчүн .epub, .mobi форматтары жакшы. Ал эми компьютерден окуш үчүн .pdf форматы.

    Таштанбубу

    Эң жакшы мотивация электронный китепкана. Менде «Кордолгон замана» деген Молдо Кылычтын тарихий табериги бар ПК терип даярдап когом китепче кылып чыгарууга жардамдашкан азамат болсо чалыныздар:тел. 0551123525, 0700992023 Таштанай

    Askar

    Рахмат сиздерге көчүрүп жыргап калдым

Добавить комментарий