Кош келиңиздер!

«Китебимди чыгарсам болот эле», - деп көптөн бери кыялданып жүрөсүз. Бирок же китеп чыгаруу азабынан чочулап, же китеп чыгарууга каражаттын жетишсиздигинен китебиңерди чыгарууга белсенбей жаткандырсыз. Биз сизге жардам бере алабыз - китебиңизди электрондук түрдө БЕКЕР чыгарып беребиз.
Ошондой эле биздин сайттан компьютерде, букридерде (китеп окугуч), планшетте, смартфондо окуганга ыңгайлуу кыргыз тилиндеги электрондук китептерди таба аласыңар.

Өнөркана

Сайтыбызда чыгармачыл адамдар үчүн чеберчилигин арттырганга, акындык же жазуучулук өнөрканасында пайдалуу болушу мүмкүн маалыматтар менен дагы бөлүшүп турмакчыбыз.

Электрондук китептерди окуу

Азыркы IT-технологиялар эбегейсиз өнүгүп жаткан заманда окурмандардын көбү китептерди санариптик түрдө окуганга өтүп жатат.
Электрондук китептердин бир канча түрү бар жана аларды окуганга түрлүү аспаптар менен программалар түзүлүп жасалган.

Электрондук китептердин артыкчылыктары:

ыңгайлуу

Электрондук китепти интернеттен жүктөп алып компьютерден, планшеттен, атайын электрондук китеп окугучтан (букридерден), ал эмес чөнтөк телефондон окуса болот. Азыр чөнтөк телефон көтөрүп жүрбөгөн адам болбосо керек;

Убарасы аз

Электрондук китепти сатып алыш үчүн атайы китепканага, же китеп дүкөнүнө барып убара болбойсуз. Аны интернеттен атайы китепканалардан жеңил жүктөп алса болот;

Жеткиликтүү

Интернетте жайгашкан китебиңизди дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун жашап, иштеп жүргөн кыргыз окурмандарыбыз окуй алат. Кагаз түрүндөгү китепти ага жеткирип берем деп убара болбойсуздар;

Чыгарып алуу

Китебиңизди кагаз түрүндө окугусу келген адам кошумча акча төлөп (типографиялык кызмат жана почта аркылуу жеткирүү үчүн) китебиңизди каалаган нускада бастырып алалат. Өзүңүз да, кааласаңыз, китебиңизди кагаз түрүндө бастырып алсаңыз болот.

Биздин портфолио

Төмөндө "El-Китеп" даярдап, жасап берген электрондук китептердин айрымдары көрсөтүлгөн.

Кошумча кызматтар

Авторлорго акыга кошумча кызматтарды көрсөтө алабыз

Каталарды оңдоо

сом 70

1800 бош орундары камтылган белги үчүн (стандарттуу А4 барагы)

Мөөнөтү: 300 миң белгиси бар чыгарма үчүн – 5 күн. Чыгарма көлөмдүүрөк болсо көлөмүнө жараша мөөнөтү өзгөрүшү мүмкүн.

Адабий редакторлоо

сом 170

1800 бош орундары камтылган белги үчүн (стандарттуу А4 барагы)

Мөөнөтү: 300 миң белгиси бар чыгарма үчүн – 5 күн. Чыгарма көлөмдүүрөк болсо көлөмүнө жараша мөөнөтү өзгөрүшү мүмкүн.

Китептин мукабасын жасалгалоо

сом 3000

Китептин мукабасын сиз каалагандай кылып жасалгалап беребиз.

Баасы 3000 сомдон башталат.

Китепти басмаканага даярдоо

сом 3000

Китепти кагаз түрүндө басып чыгарууга жасалгалоо.

Баасы 3000 сомдон башталат.

Китептин эл аралык стандарттык номурун (ISBN) сатып алуу – 760 сом.

биздин өнөктөр

"El-Китеп" сайты кыргыз тилиндеги бирден-бир белгилүү "Кыргыз маданият борбору", "Bizdin.kg" жана "РухЭш" сайттары менен кызматташат. Бизде даярдалган китептар аталган сайттарга да жайгаштырылып турат.

пикирлер

Биздин кардарлар эмне дейт?

биздин команда

Биздин команда өз ишин мыкты билген кесипкөй адистерден турат
Марат Токоев

Марат Токоев

редактор-жасалгалоочу

Чоробек Сааданбеков

Чоробек Сааданбеков

редактор-жасалгалоочу

Олжобай Шакир

Олжобай Шакир

корректор-редактор

Жыргалбек Касаболотов

Жыргалбек Касаболотов

корректор-редактор

Блогдогу жазуулардан

Сайтыбыздагы жаңылыктар менен таанышкыла
ТУЮК СҮЙҮҮ

Автору: Эсенбай Нурушев Жанр: Көркөм адабият Басма: “El-Китеп” El-Китепке коюлган жылы: 201...

ИЗДӨӨНҮ ТАБУУ

Автору: Мезгил Исатов Жанр: Көркөм адабият Басма: “El-Китеп” El-Китепке коюлган жылы: 2017 ...

ЧАЛ ЖАНА ДЕҢИЗ

Автору: Эрнест Хемингуэй Котормочу: Алым Токтомушев Жанр: Көркөм адабият Басма: «El-Ки...

Сурамжылоо: ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПТЕРДИ ОКУЙСУҢАРБЫ?

Загрузка…

Бөлүш:

Байланышуу формасы

Төмөнкү форманы колдонуп бизге кат жазсаңар болот